Коом

Бишкекте таштанды аянтчалары электрондук картага түшүрүлөт

«Бишкекреклама» муниципалдык ишканасы 2GIS компаниясы менен биргеликте шаардагы бардык таштанды жайларын электрондук картага түшүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай иштер Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн жүргүзүлөт.

Мэриядан белгилегендей, эми шаардыктар электрондук картадан кафелерди же башка объекттерди гана эмес, ал тургай, таштанды таштоочу жай кайда экенин биле алышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button