Коом

Кыргызстандыктар Россияда аспирантурага тапшыра алат. Жол-жобосу

Ондогон кыргызстандыктын жыл сайын Россияда аспирантурада билим алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул туурасында Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев билдирди.

Эске салсак, бүгүн «Русский дом» Россия Илимдер Академиясынын илимий станциясынын, Россотрудничество өкүлдөрү менен Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулар боюнча жогорку кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусун уюштуруп, өткөрүүдө.

Зульхарнеев өкүлчүлүктүн негизги багыттарынын бири россиялык ЖОЖдорго гранттык негизде тапшыргандарды колдоо экенин эске салды.

«Көп окуучулар специалитет же бакалавриатка тапшырууга болорун билишет. Бирок көптөрдүн жогорку билим алуунун алгачкы стадиясында жана андан кийинки тепкичтерде да орун карарыбыздан маалыматы жок», — деди ал.

Зульхарнеев квота менен окуу бекер экенин, стипендия чектелерин жана өтө кымбат эмес баада жатакана берилерин кошумчалады. Россиянын башка достук мамиледеги өлкөлөргө да караган квоталарынын саны өсүп жатканын билдирди.

«Биздин эрежелерде 5 пайыздан кем болбошу айтылган, демек, ал 5 пайыздан өтпөшү керек дегендик эмес. Тагыраагы, кеминде 35 аспирант алышыбыз керек болсо, чындыгында Россияда аспирантурада окуш үчүн кеткендердин саны 40тан 60ка чейин болуп калат», — деген Зульхарнеев.

Былтыр 15-декабрга чейин квоталык орундарга алуу иштери жүргөн (билим берүү быйылкы күздө башталат). Эгерде окуучулар тест тапшырса, аспирантурага ал талап кылынбайт, акыркы дипломундагы орточо баллга карашат. Андан сырткары, ЖОЖдон сунуштама-кат керек болот. Бир эле учурда алты жогорку окуу жайына өтүүгө болот.

Зульхарнеев кезектеги кабыл алуу кампаниясы башталганда бул маалыматты аспиранттар жана жаш окумуштууларга таратуу үчүн бүгүнкү жолугушуунун катышуучулары менен кабарлашып, байланышарын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button