Саясат
Садыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Душанбедеги «Улут сарайына» келди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн «Улут сарайына» келди.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун учурашуусунан соң, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары биргеликте сүрөткө түшүштү.


Андан соң уюмга катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлери күн тартибин тар чөйрөдө талкулоо үчүн жыйындар залына киришти.



