Коом

Кыргыз милициясынын генералы «Bishkek Half Marathon 2021» жарым марафонунда биринчи орунду ээледи

2021-жылдын 19-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын «Run the Silk road» марафон федерациясы тарабынан уюштурулуп, Бишкек шаарында өткөн «Bishkek Half Marathon 2021» жарым марафонунда отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов өзү курактагылар арасындагы 21.1 км аралыкта чуркоодо  биринчи орунду ээледи. Ал 1 саат 47 мүнөт 35 секундда чуркап келген. ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

 Ал алтын медаль жана диплом менен сыйланды.

 Кыргыз милициясынын ардагери, милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов жарыштын профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет.  Ал 4 эл аралык деңгээлдеги марафондорго катышкан. Жашы 65те. 

Биздин генералга бекем ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат каалап, алдыда дагы спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button