Экс-депутат, мамлекеттик ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатуу митинги

Мамлекеттик ишмер Болот Шерди (Болотбек Шерниязов) акыркы сапарга узатууга арналган митингде “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Болот Шерди «элдин руху болду, биз көрбөгөн, билбеген фундаментти курду» деп, жазуучуларды, акындарды колдогонун, кыргыздын көкжалдыгын көрсөткөн көкбөрүнү улуттун рухуна айландырганын белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «улутка, мекенге, маданиятка, саясатка кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп кетти» деди.
Болот Шер — Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, «Эркин Кыргызстан», «Ата Мекен» саясий партиясынын, «Ата-Журт» саясий кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири, «Көкбөрү» федерациясынын түзүүчүсү.
Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 21-июнда 61 жашында оорудан каза болду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманлиев, Өмүрбек Бабанов, Элүүбай Отунчиев баштаган коомдук-саясий, маданий ишмерлер катышып жатышат.
Эскерте кетсек, маркумдун сөөгү бүгүн, 23-июнда өзүнүн керээзи боюнча Манас районундагы кичи мекени Чоң-Капка айылындагы көрүстөнгө коюлат.



