Коом

Камчыбек Ташиев: «Эки айда «Кумтөрдөн» 90 миллион доллар пайда таптык»

Быйыл, 2021-жылдын июнь-июль айларындагы иштин жыйынтыгы боюнча «Кумтөрдөн» мамлекетке 90 миллион доллар пайда түштү. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев УКМКнын Алай району боюнча бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

«Кумтөрдөн» 21 жылда 84 миллион доллар пайда тааптырбыз. Ал эми июнь жана июль айларында биз 90 миллион доллар таптык. Мына акчабыз каякта жатат. Кыргыз өлкөсүнүн акчасын талап-тоноп эле жеп жатышат. Биз алардын коррупциялык схемасын алып чыктык. «Кумтөрдө» айына 1 жарым, 2 тоннадан алтын өндүрүп, учак менен алып чыгып кетип турушкан. Бүгүнкү күндө 1 грамм алтын чыккан жок», -деди Ташиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button