Коом
БШК: Чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 5- ноябрда өткөн жыйынында парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу үчүн дагы 3 шайлоо участогун түзүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Жаңы участоктор Казакстандын Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында ачылды. Ошентип, өлкө тышында жалпысынан 100 шайлоо участогу ачылды. 18-октябрда кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдө добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 71 шайлоо участогу, 24-октябрда жана 27-октябрда дагы 20 жана 6 участок түзүлгөн.



