Коом

Өлкөдө дизель майы 140, бензин 120 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда дизель майынын баасы 130–140 сомго, ал эми бензин 110–120 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабар» улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекет күйүүчү майдын баасын 90 сомдун тегерегинде кармап турат, бирок баа бара-бара баары бир өсөт.

«Өлкөдө таңсыктык болбойт — бул биздин башкы милдетибиз. Дизель, Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, газ жана авиакеросин жетиштүү болот. Эл негизинен 92-бензинди куят. Бүгүнкү күндө күйүүчү майды Беларустан алып жатабыз, Кытайдан бензин жүктөлгөн беш оор жүк ташуучу унаа келди, эми ал жактан темир жол аркылуу да жеткирүүнү пландап жатабыз. Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өзбек тараптын мунай кайра иштетүүчү заводунда биздин мунайды айына 20 миң тоннага чейин кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды Түркиядан жана Европадан да алып келип жатабыз», — деди Касымалиев.

Минкаб башчысы белгилегендей, сырьё катары мунайдын өзү да, аны ташуу (логистика) да кымбаттаган.

«Ошондой болсо да Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу бизде Аи-92 бензини 20–25 сомго арзан, бул айырма республикалык бюджеттен жабылууда. Субсидияларга миллиарддаган сом кетет, бирок баалардын өсүшүнөн качуу мүмкүн эмес. Дүйнөлүк кырдаал өзгөрсө гана баалар мурунку калыбына келиши мүмкүн», — деп түшүндүрдү ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button