Коом
Быйыл Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Таласта 11-12-сентябрда өткөрүлөт

Быйыл Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар 11-12-сентябрда Талас шаарында өткөрүлөт.
Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар орун алат.
«Ал эми борбор калаада болсо бул күнү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ошондой эле жаңы курулуп жаткан «Бишкек Арена» стадиону ачылып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий старт берилет. Анда оюндарга катышкан командалардын парады жана концерттик программа уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.



