Ирандык көзү ачыктын үрөй учурган прогноздору ишке аша баштады

Иранда көзү ачык катары жумурай журту билген, дүйнөгө да белгилүү болгон Салман Салехигударза «эгерде адамзат ойлонбосо, анда баарынын ташы талкан болот», деп айтканын ntv.ru маалымдады.
Көзү ачыктын айтканына караганда жакынкы жылдардын ичинде адамзатты «от менен күл» күтүп жатат. Анткени Жер жүзүндө көптөгөн вулкандар сыртты көздөй атылып чыга баштайт. Жакында эле Филлипиндеги чоңдугу боюнча экинчи деп эсептелген Тааль вулканынын атылып чыгып, чагылгандын жарк-журк эткени менен коштолгонун, көзү ачыктын айткандыры келип жатат деп айта башташты.

Салехигударза вулкандар «Чыгышта» ойгонот жана ал Жер бетиндеги адамдардын жасаган иштерине реакция болуп саналат, «эгерде адамзат ойлонбосо, анда баарынын ташы талкан болот» деп айткан.
2017-жылдын сентябрында американын аэрокосмикалык NASA агенттигинин адистери вулкандардын атылышы, адамзатка өтө глобалдуу катастрофаларды алып келет деген пикирди билдиришкен. Вулкан, метеориттин жер менен кагылышына, же согуштун чыгышына караганда да өтө реалдуу коркунуч болуп саналат, деп эсептешет окумуштуулар. Сөз көптөгөн вулкандар жөнүндө жүрүп жаткан жок. Бир эле супервулкандын сыртка атылышы «ядеролук кышка» барабар келген кудуретке ээ экенин – планетаны чаң менен газ каптап күндү тосуп калаарын, а ал болсо кескин түрдө суукка алып келип, түшүмдүн кыйрап жок болоорун, демек адамзат массалык ачарчылыкка туш келээрин айтышат. Сөз келгенде айтып кете турган мисал, мурунку доорлордо Флегрей талаасындагы супервулкандын атылышы неандертальцтердин өлүп жок болуусуна алып келген.

Албетте, адистер вулкандардын атылышын планетанын адамдын ишмердүүлүгүнө карата реакциясы катары карашпайт. Адамдын ишмердигинен пайда болгон Жердин глобалдуу масштабда жылый башташы, цунами жана кургакчылык сыяктуу табият стихияларынын чыгышына, а жер титирөөлөр болсо пайдалуу кендерди алуунун натыйжасы экенин айтууга болот.






