Коом

Жаңы жетекчи келери менен Улуттук банк 7,6 млн. доллар сатты

Улуттук банк 1-октябрда валюта рыногуна 7,6 миллион доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы банкы маалымдады.

Бул — өткөн аптанын аралыгында жасалган экинчи интервенция. Беш айлык тыныгуудан кийин 27-сентябрь күнү да 31,1 миллион доллар сатылган болчу.

Жалпысынан жыл башынан бери Улттук банк сегиз жолу интервенция жүргүзүп 311 миллион 150 миң доллар сатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, 30-сентябрда Улуттук банктын жамаатына жаңы төрага Кубанычбек Бөкөнбаев тааныштырылган. Бирок аны кызматка дайындоо жана мурунку жетекчи Толкунбек Абдыгуловду кызматтан бошотуу тууралуу президенттин жарлыгы расмий жарыялана элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button