КоомМаданият

Көңүл бурунуз! Театр жана кино актёру болууну кыялданган улан кыздар,Москвадагы ГИТИСке тапшырууга мүмкүнчүлүк!

Театр жана кино актёру болууну кыялданган уландар жана кыздар, сиздерде дүйнөдөгү эң мыкты театралдык окуу жайынын бирине — Москвадагы ГИТИСке тапшырууга зор мүмкүнчүлүк бар!
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Россотрудничествосу менен биргеликте
2023-24-окуу жылына «Кыргыз студиясын» Россиянын театралдык искусство институтуна – ГИТИСке, Сахна искусствосунун жаңы багыттары факультетине, бюджеттик негизде кабыл алууну жарыялайт.

Талапкерлер, сөзсүз түрдө, 2023-жылдын 20 февралына чейин
https://education-in-russia.com/ сайтында катталуусу керек. Көнүл бурунуздар!!! Анкетаны толтурууда «окуу жайды тандоо» сапчасына алгач «ГИТИС» деп жазуу маанилүү. (Анкетаны каттоонун бардык суроолору боюнча Бишкектеги Россотрудничествосунун дареги жана телефондору боюнча байланышыныздар).

2023- жылдын март айында Бишкек шаарында, ГИТИСтин мугалимдери тарабынан сынактар өткөрүлөт, анда «Драма театры жана кино артисти. СаунДрама » адистиги боюнча 12 студент (17 жаштан 21 жашка чейинки 6 улан жана 6 кыз) тандалып алынат.(окуу мөөнөтү 4жыл)

Ошондой эле, магистратурада окуу үчүн кыргызстандык жаш режиссерлор жана сүрөтчүлөр тапшыра алышат:
«Драма режиссеру» адистигине 3 студент(окуу мөөнөтү 2 жыл)
“Театралдык сүрөтчү-коюуучу” адистиги боюнча 3 студент(окуу мөөнөтү 2жыл)
Сынактардын так күндөрү жана өтө турган даректери КР маданият министрлигинин сайтында жарыяланат. Ошондой эле жаңылыктарды @ulan_omuraliefff instagram баракчасынан окуп туруңуздар.

Ал эми ГИТИС жөнүндө толук маалыматты gitis.net сайтынан тапсаңыздар болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button