Коом

Сасык тумоодон улам 500дөн ашык мектеп, 403 бала бакча убактылуу жабылган

15-декабрга карата Кыргызстанда 526 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси убактылуу жабылганы айтылды.

Бул чаралар курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун күчөшүнө байланыштуу көрүлгөн.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 50-жумасында (8–14-декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 37 629 учуру катталды. 49-жумага салыштырмалуу (42 561 учур) оорулардын саны 11,7 пайызга азайганы байкалууда. Ооругандардын жалпы санынын 72,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button