Коом

Мектепте окуучулар күзгү каникулга качан чыгат?


Мектептерде I чейрек 5-ноябрда аяктайт. Бул тууралуу Улукбек Марипов кол койгон чечимде жазылган.

Буга чейин Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуучулар 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин күзгү каникулга тарай турганын айткан. Белгилей кетсек, 6-7-ноябрь ишемби, жекшембиге туура келет. 15-ноябрда II чейрек башталат.

Эске салсак, быйыл Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталды. Буга байланыштуу окуу адаттагыдай 25-майда эмес, 8-июнда аяктайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button