Коом

Нарын облусунда сүттү кайра иштетүүчү жаңы цех ачылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылында сүттү кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ишкананын негизги максаты — жергиликтүү тургундардан сүт сатып алып, сапаттуу сүт азыктарын өндүрүү.

Долбоор Облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып, жергиликтүү элден сүт сатып алууга жана сапаттуу сүт продукциясын чыгарууга багытталган.

Курулуш иштерине 30 млн сом жумшалган. Ишкана суткасына 1 миң литрге чейин сүттү кайра иштетүүгө жөндөмдүү болуп, учурда алты адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылды.

Белгиленгендей, өндүрүлгөн продукция ички рынокко багытталып, сапат жана коопсуздук талаптарына ылайык чыгарылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button