Бишкекте тишти акысыз караган акция өтүүдө

Бишкекте «Бекем тиш» айлыгынын алкагында шаардыктар стоматологиялык текшерүүдөн бекер өтө алышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Акция ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Медициналык колдоону Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмү КММАнын терапия жана стоматология факультетинин студенттери менен чогуу көрсөтүүдө.
«Иш-чаранын максаты — тишти бекер дарылоо, аз камсыз болгон, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды активдүү коомдук жашоого интеграциялоо», — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө 58 жаран текшерүүдөн өткөн, анын ичинде 34 баланын тиши дарыланган.
Акция карылардын жана майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жатат.



