Бишкекте абаны тазалоочу плитка менен имараттардын фасаддарын каптоо технологиясы колдонулушу мүмкүн

Бишкекте имараттардын фасаддарын абаны тазалоочу касиетке ээ плитка менен каптоо технологиясын колдонуу башталышы мүмкүн. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн Экологиялык кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Экологиялык таза материалды киргизүү маселесин шаар тургундарынын бири мэрге сунуштады. Ал шаарда курулуштун ылдам жүрүп жаткандыгына көңүл буруп, борбор калаада абаны тазалоочу касиетке ээ италиялык керамогранит технологиясын колдонууга болобу деп сурады. Анын айтымында, мындай плитка менен капталган ар бир 15 миң чарчы метр фасад атмосфераны эки гектар тирүү токойдой натыйжалуу тазалай алат.
Айбек Жунушалиев шаар бийлиги бул технология тууралуу буга чейин эле билерин жана өндүрүүчүлөр менен кызматташуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.
«Биз бул тууралуу укканбыз. Андан тышкары, өндүрүүчүлөр менен байланышууга аракет кылып жатабыз. Чынында эле мындай плитка бар: аны үйлөрдүн сыртына каптап, абаны активдүү тазалоого болот. Биз бул технологияны Бишкекте колдонууга даярбыз, учурда байланыштарды жана кызматташуунун жолдорун издеп жатабыз», — деди мэр.
Мындан тышкары, муниципалитет материалды жөн гана сатып алуу эмес, аны Кыргызстанда жергиликтүү өндүрүшкө киргизүү жана өндүрүүнү жолго коюу мүмкүнчүлүгү да каралып жатканын белгиледи.



