Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия 8-октябрда Орусияга каршы санкциялар тизмесине Кыргызстандын үч компаниясын жана алардын биринин жетекчисин киргизди. Бул тууралуу Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин GOV.UK порталындагы билдирүүсүндө айтылат.
Орусияга каршы санкциялардын жаңы пакетине жети өлкөдөн 38 субъект киргизилди. Алардын арасында 23 юридикалык жак, үч жеке адам жана 12 кеме бар.
Тизмеге Кыргызстандын үч компаниясы кирди: «Цунами Пейментс» ЖЧКсы, «Процессинг КейДжи» ААКсы жана «ТокенСпот» ЖАКы. Ошондой эле «Процессинг КейДжи» компаниясынын жетекчиси Улан Букабаев да санкцияга кабылды.
Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги Орусия бул компанияларды каржылык санкцияларды айланып өтүү үчүн колдонуп жатат деп шектенүүдө.
Британ тараптын маалыматына ылайык, «Цунами Пейментс» жана «ТокенСпот» компаниялары Орусиянын өкмөтүнө пайда алып келиши же аны колдоого катышышы мүмкүн деген шектенүүгө негиз бар. Бул компаниялар Орусиянын өкмөтү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон каржы кызматтары тармагында иш жүргүзөт деп эсептелет.
Ал эми «Процессинг КейДжи» компаниясына карата башка негиз келтирилген. Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги компания Орусиянын өкмөтүнө экономикалык мааниге ээ болгон ишмердүүлүк аркылуу ага пайда алып келиши же аны колдоого катышышы мүмкүн деп шектенүүдө. Улан Букабаев компаниянын жетекчиси катары санкциялар тизмесине киргизилген.
Санкциялар төрт субъекттин тең активдерин тоңдурууну билдирет. Мындан тышкары, британ банктарына жана каржы уюмдарына аталган үч компания менен корреспонденттик мамилелерди жүргүзүүгө жана алардын катышуусунда төлөмдөрдү ишке ашырууга тыюу салынат. Ал эми Улан Букабаевге Улуу Британияга кирүүгө тыюу салынды.



