Коом

Кыргызстандын делегациясы Минск шаарында өткөн IV Контртеррордук форумга катышты

Кыргыз Республикасынын делегациясы Минск шаарындагы «Чижовка-Аренада» өткөн IV Контртеррордук форумга, ошондой эле КМШга жана ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен «Евразия-Антитеррор – 2026» аталышындагы антитеррордук машыгууларына катышты.

2026-жылдын 7-октябрында Беларусь Республикасынын Минск шаарында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин саммитинин алдында Төртүнчү контртеррордук форум башталды.

Форум КМШнын терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конференциясын, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн (ААТТ) эл аралык илимий-практикалык конференциясын, ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин жана ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгууларын бириктирди.

Машыгуулардын күч колдонуу этабы 2026-жылдын 8-октябрында аяктады.КМШнын жана ШКУнун антитеррордук потенциалдарын интеграциялоо боюнча иштер 2023-жылы Кыргыз Республикасында КМШга катышуучу мамлекеттердин жана ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгууларынын алкагында башталган.

Бул иш 2024-жылы Өзбекстан Республикасында КМШнын терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча конференциясын жана ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн эл аралык илимий-практикалык конференциясын биргелешип өткөрүүнүн жүрүшүндө улантылып, Беларусь Республикасында өткөн Контртеррордук форумда андан ары өнүктүрүлдү.

Форумдун катышуучулары учурдагы жана жаңыдан пайда болуп жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушту.

Тактап айтканда, трансулуттук жана трансчек аралык кылмыштуулуктун террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгү менен жуурулушуп кетишине каршы аракеттенүү, террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды ташуу жана алардын мыйзамдаштырылышы үчүн миграциялык каналдардын пайдаланылышына жол бербөө, ошондой эле террордук жана экстремисттик максаттарда колдонулуучу каражаттардын контрабандасына каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, террористтердин жана экстремисттердин өз ишмердүүлүгүн каржылоо үчүн заманбап технологияларды жана инструменттерди, анын ичинде виртуалдык активдерди, краудфандингди, оюн валюталарын жана заманбап стриминг кызматтарын пайдалануусуна каршы аракеттенүү маселелери көтөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында КМШга катышуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин IV кеңешмеси да болуп өттү. Анда антитеррордук бөлүмдөрдүн кадрларын даярдоо үчүн үлгүлүү билим берүү программаларынын жана окуу-методикалык материалдардын долбоорлору, ошондой эле антитеррордук ишмердүүлүктү илимий жактан камсыз кылууну мындан ары өнүктүрүүнүн багыттары каралды.

Тектеш кабарлар

Back to top button