Коом

Бишкекте өрттөнгөн «Чатыр-Куль» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулууда

Бишкекте өрттөнүп кеткен «Чатыр-Куль» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбордун курулушу уланууда.

Аянты 0,4 гектар болгон жерде жалпы аянты 7490 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат курулууда. Анда 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана көп функционалдуу жайлар жайгашат.

Долбоордо 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай да каралган.Учурда имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасы толугу менен бүткөрүлдү. Куруучулар биринчи кабаттын мамыларын орнотуп, кабаттар аралык конструкцияларды бетон куюуга даярдап жатышат. Ошондой эле аймакта кайрадан топурак төгүү иштери жүргүзүлүүдө.

Шаар бийлиги мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустарды жана лифттерди, ыңгайлуу санитардык жайларды, ошондой эле чакан чыгармачыл топтор жана студиялар үчүн атайын мейкиндиктерди караштырууну тапшырды.

Буга чейин бул жерде «Чатыр-Куль» кинотеатры жайгашкан. Ал 1967-жылы ачылып, Фрунзенин жаңы кварталдарынын тургундарын тейлеген. Кийинчерээк өз багыты боюнча ишин токтоткон.2025-жылдын 6-ноябрында кинотеатрдын имаратында өрт чыккан.

Тектеш кабарлар

Back to top button