Коом
Арзан баада сатылат. Бишкекте дем алышта азык-түлүк жарманкеси өтөт

Борбор калаада 16-17-октябрда салтка айланып калган азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Алар төмөнкү аймактарда саат 9:00дө башталат:
- 12-кичи район — Токомбаев жана Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиши;
- Раззаков көчөсүн бойлой, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болот.
Мэрия азык-түлүктөр төмөнкү баанын тегерегинде сатыларын билдирди:
- ун — 22 сомдөн өйдө (кг.)
- кант-кумшекер — 64 сомдон өйдө;
- күрүч — 55 сомдон өйдө;
- күн карама майы — 131 сомдон өйдө;
- эт (уйдуку) — 440 сомдон өйдө;
- тоок эти — 170 сомдон өйдө;
- картошка — 24 сомдон өйдө;
- сабиз — 25 сомдон өйдө;
- пияз — 14 сомдон өйдө;
- капуста — 28 сомдон өйдө;
- помидор — 30 сомдон өйдө;
- бадыраң — 30 сомдон өйдө;
- сарымсак — 180 сомдон өйдө;
- алма — 30 сомдон өйдө;
- жумуртка (10 даанасы) — 70 сомдон өйдө.
Жарманкени Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Бишкек мэриясы уюштурган.



