Жалал-Абадда 9-класстын окуучусу башкарган унаа кырсыкка кабылып, жанындагы жигит көз жумду

Социалдык тармактын колдонуучусу Аксыда жол тескөөчү унааны кубалап, анын кесепетинен жол кырсыгы катталаганын, кесепетинен 1 жигит көз жумганын жазып чыкты. Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка караганда, кырсык 28-июнь күнү 16:00 чамасында Аксы районунун Кашка-Суу айылында катталган. «Тойота Виндом унаасы жол тескөөчүлөр кызмат өтөп жаткан жерде катуу ылдымдык менен радарга түшкөн. Тоскон учурда токтогон эмес. Качып кеткен айдоочу 2006-жылы туулган жигит болгон. Ал эми каза болгон жигит 1998-жылы туулган. Алар жол тескөөчүлөрдөн өткөндөн 800 чакырымдан кийин жол кырсыкка учураган. Кызматкерлер кубалаган эмес. Жаран кызматкерлерге барып, «жол кырсык болуптур, карап койгула» дегенде барышкан»,- дешти милициядан.



