Коом

Эс алуу күндөрү Кыргызстанда 7718 айдоочу жол эрежесин бузган

Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдор жана көчөлөрдө жол кырсыктарын алдын алуу максатында эс алуу күндөрү жол кыймылын камыздоо башкармалык жана бөлүктөрдө күчөтүлгөн тартипте иш чара өткөрүлдү.  Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББы басма-сөз кызматы билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндө ичимдик ичип алып мас абалда унаа башкарып, одоно жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга катуу көңүл бөлүндү.

Жалпысынан эс алуу күндөрү эле республика аймагында 7718 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды, анын ичинде:

— 69 тийешелүү документтери жок унаа башкарган айдоочулар,

— 121 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы адамга транспорт каражатын башкарууга бергендер,

— 1079 транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандар,

— башка жол кыймылынын эрежелеринин бузуулары- 6449 болду.

Жол кыймылынын эрежелерин бузган үчүн 372 даана унаа каражаты унааларды атайын токтотуучу жайга киргизилди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ курамы тарабынан мындай иш чаралар улантылууда, жол кыймлынын катышуууларын эрежелерди сактоого чакырабыз!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button