Кыргызстанда аккумулятор заводун куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Лифан аккумулятор заводу» ЖЧКсынын ортосунда ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Сабиров Равшанбек Азатович, ал эми «Лифан аккумулятор заводу» ЖЧКсынын атынан башкы директор Гуан Шихэн кол койду.
Долбоорго салынуучу инвестициялардын жалпы көлөмү 1 миллиард сомду (болжол менен 11,5 миллион АКШ долларын) түзөт. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында жайгашкан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүгө багытталган.

Ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү бир нече багытты камтыйт. Анын ичинде аккумулятор батареяларын өндүрүү, аккумулятор калдыктарын кайра иштетүү, алюминий жана жез калдыктарын кайра иштетүү, электр зымдарын жана кабелдерин өндүрүү, ошондой эле фотоэлектрдик продукцияларды даярдоо каралган.

Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын өнөр жай секторун өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүштүк жана кайра иштетүү кубаттуулуктарын кеңейтүүгө, ошондой эле аймактардын экономикасына инвестиция тартууга өбөлгө түзөт.
Текст документтеги кыргызча бөлүгүнөн алынды, орфографиялык формат гана жөнөкөйлөтүлдү.



