Окуялар
Чүйдө ири өлчөмдө гашиш сатууга шектелген эки жаран кармалды

Чүй облусунда гашишти ири өлчөмдө сатууга шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Э.у.Б. жана К.А. аттуу жарандар кармалып, аларды тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү гашиш табылып, алынды.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.



