Окуялар
Ошто күйөөсү менен урушкан келин өз жанын кыйды

Бүгүн, 20-октябрга караган түнү Ош шаарында үч балалуу келин өз жанын кыйды. Бул тууралуу ММК булактары жазып чыкты.
Алдын ала маалымат боюнча, каза болгон келин 2-3 мурун күйөөсү менен чырдашып, өзүнүн ата-энесинин үйүнө келген. Анын жансыз денеси ата-энесинин үйүндө асынып турган абалда табылганы айтылууда. Келин болжол менен 25 жашта болчу.
Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Толук маалымат кийинчерээк берилерин билдиришти.



