Саясат
Пара менен кармалган Ырайым кылуу комиссиясынын катчысы Апенов иштен алынды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Таалайбек Апенов Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Документке президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, УКМК ал соттолгон адамды ырайым кылына тургандардын тизмесине киргизем деп 170 миң сом талап кылганын билдирген.
Жапаров бул туурасында жакында өткөн маалымат жыйын учурунда да кеп кылган. Ага пара алуу боюнча маалыматтар түшүп жатканын айтып эскерткенин, Апенов муну танганын, бирок көп өтпөй тартип коргоочулардын колуна түшкөндүгүн айткан.



