Коом

Кайсы коомдук тамактануу жайлар жана объектилер текшерүүгө алынат. ТИЗМЕ

Ишкерликтин бардык субъектилери Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын пландык текшерүүсүнөн өтүшү керек. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова маалымат жыйынында өткөн брифингде билдирди.

«Коомдук тамактануу жайлары, “Ош”, “Орто-Сай”, “Аламүдүн” сыяктуу тамак-аш саткан ири жана чакан базарлар текшерүүдөн өтүшү зарыл. Ошондой эле азык-түлүк дүкөндөрү, павильондор, колбаса, нан жасаган ишканалар текшерилиши керек”, — деди ал.

Есенгулова учурда текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуулар болуп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 24-октябрда «Империя пиццы» кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.

Ал эми бүгүн, 26-октябрда, ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти.

Тамакка ууланып кайрылган 179 адамдын 18и балдар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button