«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Пакистандан келген 21 тоннадан ашык уй эти Кыргызстанга киргизилген жок

Нарын облусундагы «Торугарт» чек аралык ветеринардык көзөмөл пунктунда Пакистандан Кытай аркылуу ташылып келе жаткан 21 миң 800 килограмм уй эти Кыргызстандын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, жүктү чек аралык ветеринардык көзөмөл инспекторлору текшерген. Кароо учурунда Евразиялык экономикалык биримдиктин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбаганы аныкталган.
Тактап айтканда, коштоочу ветеринардык документтер белгиленген талаптарга жооп бербеген, ошондой эле этти ташууда ветеринардык-санитардык нормалар бузулган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында инспекторлор тиешелүү кайтаруу актыларын түзүшүп, жүк «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кайра артка жөнөтүлгөн.



