Коом
Арзан баада сатылат. “Дыйкан базарында” айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт

Бишкек шаарындагы “Дыйкан базарында” ар ишемби, жекшемби күндөрү айыл чарба азыктары жана жер- жемиштер арзан баада сатылып, атайын жарманке өтөт. Бул тууралуу аталган базардын администрациясы билдирди.
“Дыйкан базарында” айыл чарба жана жер жемиш, сүт, эт азыктарын дүңүнөн жана чекене баада сатып алса болот.
Эскерте кетсек, бул базар оңдоо-түздөө иштеринен кийин соодагер, сатып алуучу кардарлар үчүн баардык жакшы шарттар түзүлгөн.
“Азыркы тапта базарда соода иштерин жасайм деген соодагерлерге бекер орундуктар берилүүдө, шашылыңыздар!” деп айтылат маалыматта.
Дареги: Бишкек шаары, Фучик-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде, Товарная №1 көчөсүндө жайгашкан.
Сурап билүү телефондору: 0700558593, 0555956338.



