Мексикада дайынсыз жоголгон кыргызстандык Жаныбек Жакыповду издөө иштери уланууда

Мексикада дайынсыз жоголгон кыргыз жараны Жаныбек Жакыповду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөдөгү мекемелери Мексиканын АКШдагы элчилигинин, Россия жана Казакстандын Мексикадагы элчиликтеринин көмөгү менен кыргызстандыкты издөө боюнча зарыл ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.
Мексиканын ыйгарым укуктуу органдарына кыргыз жаранын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуулар жөнөтүлдү.
Маалыматтар боюнча, изделип жаткан жаран Мексиканын Канкун шаарында болгон жана Кыргызстанга учуп келүүнү пландаган.
ТИМден белгилешкендей, учурда Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөдөгү мекемелери дайынсыз жоголгон жарандын жакындары менен байланышта.
Эскерте кетсек, Жаныбек Жакыпов 12 жылдан бери АКШда жашайт жана 30-декабрда Кыргызстандагы апасы катуу ооруп жатат деген кабарды уккан. Ал Кыргызстанга келүү үчүн Мексика аркылуу билет сатып алганы айтылууда.



