Коом

Кыргызстанда качкын макамын алуу боюнча арыздарды каттоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда

Кыргызстанда качкын деп таануу боюнча өтүнүчтөрдү каттоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдады.

Долбоорго ылайык, эгер адамга буга чейин качкын макамын берүүдөн баш тартылып, жаңы же кайрадан ачылган жагдайлар пайда болбосо, анын өтүнүчүн каттоодон баш тартылышы мүмкүн.

Ошондой эле Кыргызстанда оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү чыккан чет өлкөлүктөргө, мурда качкын макамы болуп, бирок өз ыктыяры менен өз өлкөсүнө кайтып кеткен же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен адамдарга карата да баш тартуу каралган.

Дагы бир негиз катары адам Кыргызстанга келгенге чейин өлкө сыртында саясий мүнөздө болбогон оор кылмыш жасаган деп эсептөөгө олуттуу себептердин болушу көрсөтүлгөн.

Негиздеме-маалыматта 2022-жылдан 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейин ыйгарым укуктуу органга буга чейин качкын макамын берүүдөн баш тартылган адамдардан 160ка жакын кайра кайрылуу түшкөнү айтылат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, азыркы мыйзамдар мындай кайра кайрылууларды каттоого чектөө койбойт.

Мыйзам долбоорунда башпаанек издеп жаткан адамдын өтүнүчүн 14 жумуш күнүнүн ичинде каттоо сунушталууда.

Мындан тышкары, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө жашына карабастан өзүнчө качкын күбөлүгүн берүү жана күбөлүктүн мөөнөтү аяктагандан кийин бир жыл ичинде аны узартуу үчүн кайрылбаган учурда качкын макамын жокко чыгаруу сунушталууда.

2025-жылдагы маалымат боюнча, Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн келген 164 адам качкын макамына ээ.

Тектеш кабарлар

Back to top button