Коом

Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп 6 адам каза болду

16-сентябрь саат 1:41 чамасында Бишкек-Ош автожолунун 167-чакырымында болгон жол кырсыгынан алты адам мүрт кетип, дагы үч киши жаракат алды.

Алдын-ала маалыматка караганда, Hyundai Sonata үлгүсүндөгү машиненин 34 жаштагы айдоочусу (А. уулу А.) Бишкек-Ош жолунун 167-чакырымында түштүктөн түндүктү көздөй баратып, уйкусу келип көзү илинип кетип (машинедеги жүргүнчүнүн айтымында) карама каршы тилкеде келе жаткан Mercedes atego автоунаасын сол капталы менен сүрүп, анын артында өз жолу менен келе жаткан КИА К-7 машинеси менен сүзүшкөн. Hyundai Sonata’нын айдоочусу кырсык болгон жерде мүрт кетсе, дагы бир жүргүнчү (М. А. М.) Суусамыр айыл аймагындагы ФАПка жеткирилгенден кийин каза болгон. Бул автоунаанын арткы орундугунда бараткан үч жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Андан тышкары КИА К-7 машинесинин айдоочусу жана төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден мүрт кеткен.

Тектеш кабарлар

Back to top button