«Учкун» окуу китептеринин базарда сатылышы боюнча пикирин билдирди

«Дордой» баштаган базарларда сатылып жаткан окуу китептери уурдалып басылган болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Учкун» басмаканасынын аппарат башчысы Бек Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, басмакана базарларга китеп таратпайт. Бирок Агартуу министрлиги жана менчик мектептердин буюртмасынын негизинде китеп басып беришет.
«Азыр технология өнүккөн заман. Базарда сатылып жаткан китептер «пираттык» же көчүрмө болушу мүмкүн. Аны эч ким билбейт. Агартуу министрлиги ошону тактап бергиле деп укук коргоо органдарына кайрылды. Мурда да эки жолу кайрылган экен. «Учкун» «Дордойго» китеп берген жок, бербейт дагы», — деди Иманалиев.
Ал эми ишкананын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев басмаканада китеп мамлекеттик мектептер үчүн гана басыларын, бүгүнкү күнгө чейин жеке жактар үчүн да китеп чыгарууга укуктуу болгонун билдирди.
«Мыйзам бузган жокпуз, келишимге ылайык кайрылгандарга саттык. Бирок ар бир сатып алуучу китептерди кайда алып барып, кандай колдонуп жатканын көзөмөлдөй албайбыз», — деди Кубат Бейшеев.
Анын айтымында, китептерин жоготуп алган балдардын ата-энелери жаңысын кайдан сатып алса болорун сурап кайрылышкан. Жеке мектептерден да суроо-талап болгон. Ошондуктан басмакананын сайтына мамлекет бекиткен баа жарыяланган.
«Жеке мектептер, мисалы, 10-20дан китеп сатып алышат. Баары өтүнмөлөргө ылайык. Бүгүндөн тарта уруксатты жокко чыгарышты. Бизге деле жакшы, тынчыраак болот. Бир жылда болжол менен 23 миллион сомго окуу китептерин саттык. Каражат басмакананы тейлөөгө жумшалган», — деди ал.



