Бишкекте дагы бир үч эм төрөлдү

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда дагы бир үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 16-сентябрында Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда 34 жума 2 күндүк мөөнөтүндө үч эмге кош бойлуу аялга операция жолу менен төрөт жүргүзүлдү. Кош бойлуулук оор преэклампсия менен татаалдашкан.
Кара-Балта шаарына караштуу Ак-Башат айылынын 34 жаштагы тургуну 15-сентябрда оор абалда борборго кайрылган. Анын кан басымы жогорулап, денесинде шишик пайда болуп, заарасында белок аныкталган. Зарыл болгон дарылоо жүргүзүлүп, абалы турукташтырылгандан жана операцияга кылдат даярдыктан кийин медициналык топ операция жолу менен төрөтүүнү чечкен.
Натыйжада бир убакта үч наристе жарык дүйнөгө келген:
14:37 — кыз, салмагы 2240 грамм;
14:38 — уул, салмагы 2460 грамм;
14:39 — кыз, салмагы 1895 грамм.
Учурда жаңы төрөлгөн наристелердин абалы туруктуу. Ымыркайлар балдар реанимация бөлүмүндө адистердин көзөмөлүндө. Учурда аларга зарыл болгон дарылоо жүргүзүлүп, медициналык байкоо улантылууда. Балдар апасы менен бирге болууга которууга даярдалып жатат.
Апасынын абалы канааттандырарлык. Ал да медициналык адистердин көзөмөлүндө.



