Коом

Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн инклюзивдүү билим берүү өнүктүрүлөт

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Германиянын Элдик университеттер ассоциациясынын (DVV International) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, эмгек рыногундагы тез өзгөрүүлөр, жаңы технологиялардын киргизилиши жана глобалдык атаандаштык жарандардан билимин жана көндүмдөрүн дайыма жаңыртып турууну талап кылууда. Мындай шартта чоңдор үчүн инклюзивдүү билим берүү билим алуу гана эмес, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана социалдык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган маанилүү курал болуп саналат.

«Учурда кесиптик окутуу, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу жана кыска мөөнөттүү окутуу программалары эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен ишке ашырылып, жаш курагына карабастан миңдеген жумушсуз жарандарды, анын ичинде аялдарды, жаштарды жана социалдык жактан аялуу катмарларды камтыйт», — деп айтылат билдирүүдө.

Тактап айтканда, министрликтин колдоосу менен жыл сайын 6 852ден 7 566га чейин жумушсуз жаран окуудан өтөт. Алардын ичинен 60–65 пайызы алган кесиби боюнча жумушка орношот.

2026-жылдын отчеттук мезгилинде консультациялык жардам алуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1 054 адам кайрылган. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү алкагында 120 адам жумушка орношкон. Кесиптик окууга 93 адам жөнөтүлүп, 254 адам акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышкан. Ал эми социалдык контракттын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 183 жаран менен келишим түзүлгөн.

Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов бул иштер жарандардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, өз күчүнө болгон ишенимин арттырарын белгиледи.

Меморандумдун алкагында өнөктөштөрдүн колдоосу менен инклюзивдүү билим берүү тармагын өркүндөтүү боюнча иштер улантылып, ошондой эле эки социалдык ишкананы түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button