Коом
Зардалыга барчу жол жакында пайдаланууга берилет

Зардалыга бара турган жол жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-декабрда, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев аталган жолдун курулуш иштеринен кабар алды.
“17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнү куруу иштери 95 пайызга бүттү”, — деп айтылат билдирүүдө.



