Саясат
Президент бир катар аткаминерлерге катуу сөгүш жана эскертүү берди

Жүктөлгөн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар аткаминерлерге катуу сөгүш жана эскертүү жарыяланды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевге катуу сөгүш жарыяланды. Ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабировго да катуу сөгүш берилди.
Мындан тышкары, президенттин администрациясы жетекчисинин орун басары — мамлекет башчысынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиевге эскертүү берилди.



