Бишкек шаарында бир жумада 61 мас айдоочу аныкталды
Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 61 мас айжоочу аныкталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-октябрдан тартып 4-ноябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 миң 999 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
— Мас абалында авто унаа башкаруу — 61 айдоочу;
— Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 13;
— Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 47;
— Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 52;
— Башка жол эрежелерин бузуулар — 3826;
Мындан тышкары, 395 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.



