Коом

Кыргызстанга кызылча-кызамыкка каршы 755 миң доза вакцина келет

Кыргызстанга кызылчанын чыгышына жооп катары иммунизация кампаниясы үчүн кызылча-кызамык вакцинасынын 755 500 дозасы келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгенин алкагында түзүлгөн, оорулардын чыгышына жооп берүү фондуна шашылыш өлкө өтүнмөсү Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кызамык вирусунун айлануусун азайтуу, оорунун чыгышын аныктоо жана анын андан ары жайылышына бөгөт коюу максатында даярдалган.

Вакцинаны өткөрүп берүү иш-чарасы эртең, 12-сентябрда болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button