Окуялар

Мектеп, мечит күйдү. Кыргызстанда бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Ноокен районунун Масы айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн 110 чарчы метри, 5 эшик, 5 терезе, 1 жумшак эмерек, 15 төшөк, 1 шкаф, 53 рейка күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылында мектептин чатырынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө РЭТ кызматынан 2, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардардан 30 адам, ЖЧК “Макмал Голд Компани” ишканасынан 1 даана өрт өчүрүүчү АЦ-30 автоунаасы тартылган.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 15-кичи районундагы “Азирети-Нух” мечитинин 18 чарчы метри, пол жана дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын чыңалуусу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button