Коом

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген коргонуу объектилерин аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мурда КР Коргоо министрлигинин Ош шаардык базасынын балансында турган, аянты 0,206 ГАны  түзгөн жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды.

Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө КР Коргоо министрлигинин жер тилкеси Ош шаардык мэриясы тарабынан мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош облустук административдик сотуна доо арыз берилип, аталган жер тилкесин жеке менчикке өткөрүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Оштогу филиалынын мурда кабыл алынган токтому жокко чыгарылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button