Коом

Россия жана Кыргызстан ЖАК кызматкерлери жолугуп, кызматташуу талкууланды

Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы, ички кызматтын генерал-майору Аскат Эгембердиев баштаган делегациянын  Орусиянын Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын директору генерал-лейтенант Александр Калашников жетектеген кесиптештери менен расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар постпенитенциардык  социалдаштыруу жана соттолгондорду социалдык адаптациялоо, түзөтүү мекемелеринде зордук-зомбулук экстремизминин жана радикалдашуунун алдын алуу, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу тармагында ведомстволор ортосунда тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн жаза өтөө мекемелеринин ортосундагы 2022-2023-жылдарга кызматташуунун иш программасына кол коюлду.

Россия менен Кыргыз Республикасынын кылмыш жазаларын аткаруу жаатындагы активдүү кызматташуу 2011-жылдан бери биргелешкен түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандан бери жүргүзүлүп келет. Бул документтин жана андан кийинки бөлүмдөр ортосунда түзүлгөн иш программалардын негизинде тажрыйба алмашуу, пенитенциардык кызматтардын кызматкерлеринин мекемелер менен таанышуу иш сапарлары, окуу семинарларына катышуу жана башка иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Иш сапардын алкагында жаза аткаруу тутумунун делегациясы Рязань шаарында өто  турган эл аралык пенитенциардык форумга катышып, Волгоград облусундагы бир катар түзөтүү мекемелеринде болуп, Россиянын пенитенциардык тутумунун практикалык ишмердүүлүгү менен таанышат.

Иш сапар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумун өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button