Коом

Кыргызстанга кирген зер буюмдар быйыл 10 тоннага көбөйгөн

Кыргызстан импорттогон кымбат металлдардан жасалган зер буюмдардын көлөмү бир нече эсеге өскөндүгүн Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Быйылкы жылдын январь-сентябрь ичинде өлкөгө 12,3 тонна зер буюмдарды алып киришкен. Анын акчасын эсептей келгенде 4,8 миллион долларды чапчыган.

Импорттолгон өлкөлөр:

  • Россия — 7,7 тонна;
  • Түркия — 3,6;
  • Өзбекстан — 0,4;
  • Кытай — 0,5;
  • Индия — 0,1.

Андан сырткары, аталган продукциялар Италия, АКШ жана Бириккен Араб Эмирлигинен кирген.

Өткөн жылдын тогуз айында Кыргызстанга 2,7 тонна зер буюмдар ташып келинген. Аны акча менен алганда 2,9 миллион доллар болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button