Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыктары чыкты

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын ведомстволук мекемелеринин 2025-жылга бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгын өзүнүн Кеңешинде карады.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 2025-жылга 40 571,2 млн сомго бекитилген, Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык такталган бюджети 41 707,6 млн сомду түзгөн. 2025-жылга чыгашаларынын такталган бюджети 42 195,5 млн сомго бекитилип, кассалык чыгымдары 39 439,1 млн сомду түзгөн.

Аудиттин жыйынтыгында каражаттарды пайдалануу жалпысынан Мыйзам талаптарына шайкеш келери белгиленгени менен финансылык тартиптин сакталышына жетишээрлик көзөмөл жүргүзүлбөгөндүктөн эмгек акыларды төлөө шарттарынын талаптары сакталбастан эмгек акыларды төлөө, курулуш-куруу иштеринин көлөмүн жогорулатуу, Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бюджеттик каражаттарды пайдаланууда белгиленген ченемдердин сакталбашы жана негизсиз алынган кирешелер аныкталган.
Ошондой эле, бухгалтердик эсепти так жүргүзүлбөгөндүгүнөн негизги каражаттардын жана дебитордук карыздардын эсепке алынбашы, бирдиктүү казыналык эсептен сырткаркы чыгымдоолор жана бюджеттин жоготуулары белгиленген.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине жана анын ведомстволук мекемелеринде аныкталган кемчиликтерди четтетүү, ордуна коюлуучу каражаттарды калыбына келтирүү жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча тапшырмалар берилди. Министрликтин алдындагы мекеме уюмдарында аныкталган олуттуу каржылык бузуулар боюнча 3 материал тиешелүү кароо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүү чечими кабыл алынды.



