Фудтрактарда эттин баасы 1 килограммына 680 сом болуп белгиленди. Даректери

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу «Кыргыз Агрохолдинг» ААК уюштурган эт сатуучу фудтрактар Бишкек шаарында төмөнкү даректерде иштеп жатат:
«Аламүдүн-1» турак жай массиви, Сагынбай Манасчы көчөсү 7/1 (чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
«Көк-Жар» кичи району, 3/1 (жанындагы унаа токтотуучу жай);
7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши («Берекет Универсал» базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
«Тунгуч» кичи району («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
Орто-Сай базары («Оберон» унаа токтотуучу жайы);
Гагарин жана Космическая көчөлөрүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
Ленин көчөсү, 135;
«Төмөнкү Жал» кичи району, Тыналиев көчөсү («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
Москва жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши.



