Коом

Кыргызстанда маркумдарды кремациялоого тыюу салынды

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, маркумдардын сөөгүн, ошондой эле түйүлдүктөрдү өрттөөгө тыюу салынды. Ал эми таанылбаган жана өлүкканада бир топко жатып калган, сурап алары жок сөөктөр жерге гана көмүлөт. Бирок медициналык процедуралардан кийин калган органдар жана ткандар өрттөлүшү мүмкүн.

Крематорийлер медициналык биологиялык объектилерди санитардык жол менен жок кылуучу атайын жай катары аныкталып, аларды бюджеттин же жеке инвесторлордун каражатына курууга болот.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоорун парламент 25-июнда кабыл алган.

Тектеш кабарлар

Back to top button