Коом

Баткен облусунда 1 айда 12 жол кырсыгы катталып 2 адам каза болгон

Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери Ош-Баткен-Исфана автожолунун боюна курулган тамактануучу, автоунаа оңдоочу жайларды айдоочулар үчүн коопсуздугун текшерип чыгып, аталган жайлардын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Анткени бул жайларга токтогон айдоочулар автоунааларын иретсиз токтотуп башка айдоочуларга кыйынчылык туудуруп, жол тыгындарын пайда кылууда.

ЖККККнын кызматкерлери жогорудагы жайлардын ээлерине айдоочуларга шарт түзүп, атайын токтотуучу жайларды уюштуруу жактарын эскертишти.

 Баткен облус аймагында акыркы 1 ай ичинде 12жол кырсыгы катталып 2 адам каза болгон.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button