Коом
Аламүдүн коктусунда жоголгон адамды издөөгө бүгүн 273 киши чыкты

Аламүдүн коктусунда жоголгон 28 жаштагы жигитти издөө иштери уланууда.

Мукамбеталы Маматалы уулу 14-январга караган түнү саат 02:00дө байланышка чыккандан бери дайынсыз. Туугандарынын айтымында, ал эс-тутумун жоготуу илдетинен жабыркайт.



