Коом

Коронавирус. 66 адамдан аныкталып, дагы 3 бейтап каза тапты

Өткөн суткада 66 адамдан коронавирус табылып, 118 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 19;
  • Чүй облусу – 30;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 7.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 351ге жетти. Анын ичинен 178 230 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, оору бир сутка ичинде үч адамдын өмүрүн алып, жалпы 2 746 адам дарттын курмандыгы болду.

Азыркы учурда стационарда 405, ал эми амбулатордук шартта 488 адам дарыланып жатат. Өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 10 260 адам өтүп, анын ичинен 5 803ү биринчи дозаны, 4 457 адам экинчи компонентин алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button